2021-11-11


2021.11.11: “УНУТУЛГУС ДАТАЛАР” АТТУУ РАДИОБЕРҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ


     Медиа Манас 102.9  жыштыгында  “Унутулгус даталар” аттуу радиоберүүлөр өткөрүлө баштады. Биринчи программабыз орус адабиятынын улуу жазуучусу, роман жанрынын  устаты Ф.М. Достоевскийдин 200 жылдык юбилейинин эл аралык белгиленишине арналат. Адабий -музыкалык радиоберүүлөр жазуучунун туулган күнүндө, 2021-жылlын  11- ноябрында,  өткөрүлдү. Орус тилиндеги радиоберүүнү  синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери Йигит Кызмаз, Кузей Ялчын, Тогайхан Эржан алып барышты. (09.00, 14.00, 18.00) Түрк тилиндеги  радиоберүүнү синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасынын студенттери Мила Мырзабекова, Гүлжан А  бдурасулова, Астра Садырбаева алып барышты. (10.00, 15.00, 19.00).

     Адабий -музыкалык радиоберүүлөрдү даярдаган  доц., филол. илим. канд. Чолпон Сыдыкова.

      Радиоберүүлөрдү жаздырып жана Манас 102.9  жыштыгына тартуулаганга  жардам берген Media Манас  радиостанциясынын мүдүрү док. Бюлент Намалга жана үн режиссеру Денис Бурдаковго чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.